Akchabarsearch
Таласта минералдык суу чыгаруучу завод ишке кирди

Жарыяланган

2025-29-12, 09:36

Таласта минералдык суу чыгаруучу завод ишке кирди

Таласта минералдык суу чыгаруучу завод ишке кирди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, “Беш-Таш–Кайыңды” минералдык суу чыгаруучу кичи заводу Беш-Таш айыл аймагынын Жанкороз олуя айылында жайгашкан. Ишкананын ишке кириши менен жаңы жумуш орундарын түзүү мүмкүнчүлүгү жаралууда.

Кичи завод саатына 1000 даана бөтөлкө минералдык суу чыгаруу кубаттуулугуна ээ. Өндүрүш процесси сапатты көзөмөлдөөнүн бардык талаптарын сактоо менен жүргүзүлөт.


Тектеш материалды окуу