Жарыяланган
2025-05-05, 10:15Ысык-Көл облусунда өзгөчө укуктук режими бар "Тамчы" атайын инвестициялык аймагын түзүү пландалууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Экономика жана коммерция министрлиги даярдап, коомдук талкууга чыгарды.
Министрлик белгилегендей, аталган мыйзам долбоору уникалдуу экономикалык зонаны түзүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган. Бул зона ички жана тышкы инвестицияларды тартууга, инвестициялык климатты жакшыртууга жана өндүрүш, туризм, курорттук тейлөө, транспорттук инфраструктура сыяктуу экономиканын ар кандай тармактарын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
"Тамчы" инвестициялык аймагы туризм жана логистика багытында жогорку потенциалы бар Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашып, өзгөчө укуктук режимге ээ болуу менен ишкердик үчүн жагымдуу шарттар түзүлөт. Бул режимге салыктык жана укуктук жеңилдиктер, мисалы, киреше жана мүлк салыгынан бошотуу, чет өлкөлүк кызматкерлер үчүн жеңил шарттар жана валюта операцияларынын эркиндиги кирет.
Бул аймак экономикалык пайдадан тышкары инфраструктуранын, анын ичинде жол, энергетика, санариптик тармак жана логистиканын өнүгүшүнө өбөлгө болуп, миңдеген жумуш орундарын түзүүгө, калктын кирешесин жана кесиптик деңгээлин жогорулатууга, технологияларды өнүктүрүүгө шарт түзөт деп күтүлүүдө.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери мындай моделдер дүйнөлүк тажрыйбада – Дубай эл аралык каржы борбору (DIFC) жана Астана эл аралык каржы борбору (AIFC) сыяктуу аймактарда ийгиликтүү иштеп жатканын белгилейт.