Akchabarsearch
Ысык-Көлдө “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагынын курулушуна капсула салынды

Жарыяланган

2026-20-02, 14:32

Ысык-Көлдө “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагынын курулушуна капсула салынды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл районундагы «Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагынын курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Ал өз сөзүндө «Тамчы» долбоорун ишке ашыруу өлкөнүн экономикалык келечеги үчүн өтө маанилүү стратегиялык кадам экенин белгиледи. 

Түзүлүп жаткан аймак эл аралык финансы борбору, глобалдык капиталды, финтех жана IT-инновацияларды тартуу борбору, ошондой эле эл аралык соода жана жүк агымдарын бириктирген заманбап логистикалык хаб болууга тийиш. 

 «Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагы долбоорунун негизги параметрлери: 

• 2035-жылга чейин жалпы аянты 470 миң чарчы метрден ашык заманбап кеңсе борборлорун, турак жай комплекстерин жана туристтик объектилерди этап-этабы менен куруу пландаштырылууда. Аймак ишкердик, логистикалык (аэропортко жакын) жана рекреациялык зоналарга бөлүнөт. 

• Бизнестин кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу үчүн англис укугунун принциптеринде иштеген талаш-тартыштарды чечүү боюнча көз карандысыз эл аралык борбор түзүлөт. 

• Аймактын резиденттери 49 жылга чейин бардык салыктардан бошотулат. Капиталдын эркин жүгүртүлүшү, ийкемдүү валюта режими жана 100 пайыздык чет элдик катышуусу менен иш жүргүзүү укугу каралган.

• 100 гектардан ашык аянтта 2035-жылга чейин жыл сайын 90 миңге чейин турист агымы күтүлгөн масштабдуу инфраструктура түзүлөт. 

Ачылыш аземди жыйынтыктап жатып, Адылбек Касымалиев өлкөнүн макроэкономикалык ийгиликтерине токтолуп, «Тамчы» өсүштүн рекорддук көрсөткүчтөрү фонунда ишке киргизилип жатканын белгиледи. 


Тектеш материалды окуу