Akchabarsearch

Жарыяланган

2024-14-10, 08:52

Баткенде ипотекалык үйлөрдүн курулушуна капсула салынды

Баткенде ипотекалык үйлөрдүн курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, турак жай комплексинде 1,2 жана 3 бөлмөлүү 12 кабаттан турган 37 блок үй курулат.

Шаардын Курманжан Датка жана Алымбек Датка көчөлөрүнүн кесилишинде жалпысынан 2 миң 364 батир болот.

Долбоор боюнча көп кабаттуу үйлөрдүн алдында спорт жана балдар аянтчалары, жер алдындагы унаа токтоочу жайлары, коомдук тамактануучу жерлер жана соода дүкөндөр камтылган.


Тектеш материалды окуу