
Жарыяланган
2026-10-03, 13:17“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алган муктаж үй-бүлөлөр үчүн электр энергиянын тарифи өзгөрбөйт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине курган маегинде Энергетика министрлигинин Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаментинин директору Тимур Орозалиев билдирди.
Орозалиев быйыл 1-майдан тарта өлкөдө электр энергиянын тарифи кандай өзгөрө турганын айтып берди.
Ал билдиргендей, “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алгандар азыркадай эле 1 кВт/саат үчүн 50 тыйындан төлөшөт. Алар үчүн тариф өзгөрбөйт.
Бийик тоолуу аймактарда жашагандар үчүн тариф 27 тыйынга кымбаттап, 1 сом 64 тыйынды түзөт. Бирок алар үчүн 700 кВт/саат деген чектөө жок.
Ошондой эле калган жарандар үчүн 700 кВт/саатка чейинки электр энергиянын 1 киловатынын баасы 27 тыйынга көтөрүлүп, 1 сом 64 тыйындан болот. Ал эми 700 кВт/сааттан ашканда алар 2 сом 94 тыйындан төлөй баштайт. Баа 34 тыйынга кымбаттайт.
Андан тышкары:
Социалдык жана коомдук керектөөчүлөр үчүн (насостук станциялар, диний мекемелер, балдар интернаты ж.б.) – баа 34 тыйынга көтөрүлүп, 2 сом 96 тыйын болот.
Өнөр жай керектөөчүлөрү үчүн – 3 сом 65 тыйын болот.
Бюдежеттик керектөөчүлөр үчүн – 4 сом 62 тыйын болот.
Коммерциялык керектөөчүлөр үчүн (банк, кафе-ресторандар ж.б.) – 4 сом 33 тыйын болот.
Электр энергияны көп сарптаган өнөр жай керектөөчүлөрү үчүн (алтын кен өнөр жайы, ичимдик чыгарган ишканалар) – 6 сом 84 тыйын болот.
Электр унааларды кубаттоо станциялары үчүн – 5 сом 99 тыйын болот.



