Akchabarsearch
    Орунбеков: Консолидацияланган бюджет 1 трлн сомдон ашары күтүлүүдө

    Жарыяланган

    2025-15-07, 15:41

    Орунбеков: Консолидацияланган бюджет 1 трлн сомдон ашары күтүлүүдө

    Соңку жылдары Кыргызстанда мамлекеттик карыздын көлөмү экономиканын көлөмүнө салыштырганда (ИДП) 36,9%ды түздү. Бул көрсөткүч мурдагы жылдарга караганда төмөн, - деп билдирди президенттик администрациянын маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков. Ал бул тууралуу Фейсбуктагы расмий баракчасына жазды.

    Анын маалыматына караганда, 2020-жылы карыз ИДПнын 67,6%ын түзгөн.

    “Кыргызстандын карызынын көбү – тышкы карыз. Башкача айтканда, өлкө акчаны башка мамлекеттерден же эл аралык банктардан алган. Бул тышкы карыздын ичинде эң чоң үлүштү Кытайдын Экспорт-Импорт банкы ээлейт – болжол менен 1,59 млрд доллар. Андан сырткары Азия Өнүктүрүү Банкы, Дүйнөлүк Банк, Эл аралык Валюта Фонду да акча берген”, - деп жазылган маалыматта.

    Белгиленгендей, президент Садыр Жапаровдун тушунда карыз ИДПга салыштырмалуу төмөндөдү. Ошол эле мезгилде бюджет профицити – башкача айтканда, кирешелер чыгашадан көп болгон учурлар кездешти.

    Орунбеков кошумчалагандай, Кыргызстандын консолидацияланган бюджети 2024–жылдын жыйынтыгы менен 688,5 млрд сомду түздү, же 2020-жылга салыштырмалуу дээрлик үч эсе өстү. Ал эми 2025-жылга бекитилген консолидацияланган бюджеттин көлөмү 708,9 млрд сом болсо, алдын ала болжол менен жылдын аягына чейин 1,0 триллиондон ашары күтүлүүдө.

    “Мамлекет учурда буга чейин алынган карыздардын эң көп бөлүгүн төлөп жатат. Ага карабай кирешеси көбөйүп, экономика ирденип, өлкөдө курулуштар, жаңы ачылыштар, техникалардын сатып алынышы темпин жогорулатты. Мисалы, тышкы карызды төлөөгө 2023-жылы 53,1 млрд сом багытталса, 2024-жылы 59,9 млрд сом багытталды”, - деди Орунбеков.

    Маалыматка караганда, 2027-жылы Кыргызстан тышкы карыз боюнча негизги төлөмдөрдү (жылына 500 миллион доллардан өйдө болушу мүмкүн) төлөп баштайт.


    Тектеш материалды окуу