Akchabarsearch
Каржы министрлиги эки жылдык облигациялар боюнча ички карыздарынын баарын төлөдү
Сүрөт алынган жер: www

Жарыяланган

2025-07-04, 10:22

Каржы министрлиги эки жылдык облигациялар боюнча ички карыздарынын баарын төлөдү

Өткөн аптада Каржы министрлиги 37 млн 519.5  миң сом ички карызды төлөдү. Маалымат 3-апрелде чыкты. 

Министрлик эки жылдык баалуу кагаздар боюнча бересесин төлөгөн. Ал карыз 2023-жылы 31-мартта алынган. Башында министрлик аукциондо бюджетке 300 млн сом тартууну пландап жаткан. Бирок суроо-талап аз болгондуктан, 37.5 млн сом облигация чыгарган. Бул баалуу кагаздардын жылдык үстөгү 15.25%ды түзгөн. 

Эскерте кетсек, буга чейин Каржы министрлиги 2023-жылы 24-февралда эки жылга алган 375 млн сом карызын жапкан. Анын жылдык үстөгү 15.18% болгон.

Бүгүнкү күнгө карата министрлик эки жылдык облигациялар боюнча карыздарын төлөдү. 


Тектеш материалды окуу