
Жарыяланган
2026-13-07, 11:21Баткендин Кадамжай районунда шагыл чыгарган ишкана иштей баштады. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Ишкананы «Ак-Өргө Курулуш» компаниясы Гүлдүрөмө айылында ачкан. Аны ачып, ишке берүүгө жалпы 300 миң доллар кеткен.
Ал саатына 100 тонна шагыл чыгара алат. Анда 5 жумушчу иштейт.
Бул ишкананын расмий ачылышы 31-августта өтөт.



