
Жарыяланган
2026-16-06, 15:48Коомдук тамактануу жайларында фискалдык программалык камсыздоо (ФПК) киргизилгенден кийин салыктык түшүүлөр 60%га өстү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын январь-май айларында пилоттук долбоордун алкагында бюджетке 1 млрд 536.7 млн сом салык түшкөн.
Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 615.5 млн сомго көп. Башкача айтканда, салыктык түшүүлөр 60%га өскөн.
ФПК киргизилгенге чейин ай сайын орточо 184.2 млн сом салык түшсө, жаңы система иштей баштагандан кийин бул көрсөткүч 307.3 млн сомго жеткен.
Салык кызматы мындай өсүштү ишкерлердин кирешелеринин ачык көрсөтүлүшү, төлөмдөрдүн толук катталышы жана көмүскө жүгүртүүнүн азайышы менен байланыштырууда.
Мекеменин маалыматына караганда, бул система бюджеттин кирешесин көбөйтүп, бардык ишкерлер үчүн бирдей шарт түзүүгө жана салык тартибин жакшыртууга жардам берет.


