
Жарыяланган
2026-25-02, 11:20Коомдук тамактануу жайлары эсептешүү учурунда кардарларга ККМ чек берүүгө милдеттүү. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, төлөмдү кабыл алууда официант же кассир буйрутманын жалпы суммасын айтууга, төлөм ыкмасын тактоого кардарга ККМдин фискалдык чегин кагаз түрүндө берүүгө тийиш.
Бизнестин иштөө формасына жараша маалыматтарды онлайн берүү функциясы бар фискалдык программа же катталган контролдук-кассалык машина колдонулат.
Белгилей кетсек, фискалдык чек төлөмдүн салык системасында катталганын, салыктардын бюджетке түшүшүн тастыктаган жана керектөөчүнүн укуктарын коргогон жалгыз документ болуп саналат.
Салык кызматы жарандарды кафе жана ресторандарда төлөм жүргүзүүдө фискалдык чекти талап кылууга чакырды.

