
Жарыяланган
2026-02-04, 15:49Кыргызстанда такси болуп иштөө үчүн лицензия алууга келгендердин саны аз болууда. Бул тууралуу Бишкектеги Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы билдирди.
Кайгуул кызматы буга чейин лицензия алуу мөөнөтү бир нече жолу жылдырылганын, соңку ирет 1-июлга чейин узартылганын эске салды. Бирок ага карабай лицензия алууга күнүнө 10-15 киши келүүдө. Бүгүнкү күнгө карата 5.5 миңден ашык киши лицензия алган.
Мындан улам аталган кызмат такси болуп иштеп жаткан жарандарды кезек аз кезде келип, лицензия алууга чакырат.
Эскерте кетсек, 1-июлдан кийин лицензия жок иштегендерге 7.5 миң сом айып салынат.



