Akchabarsearch
Кыргызстандагы иш берүүчүлөр кадрларды даярдоо ыкмасын кайра карап чыгуу керектигин билдиришүүдө

Жарыяланган

2026-02-04, 16:43

Кыргызстандагы иш берүүчүлөр кадрларды даярдоо ыкмасын кайра карап чыгуу керектигин билдиришүүдө

Бизнес өкүлдөрү кесиптик билим берүү системасынан теорияны көбөйтүүнү эмес, биринчи күндөн тартып иштөөгө даяр адистерди даярдоону күтүшөт. Мындай жыйынтыкка Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн «Кыргыз Республикасындагы жаштардын эмгек рыногу боюнча изилдөөнүн» авторлору келишкен.

Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, иш берүүчүлөрдүн көпчүлүгү үчүн бардык тармактарда практикалык даярдыкты күчөтүү негизги артыкчылык болуп саналат. Айрым аймактарда мындай жооптордун үлүшү 70–80%дан ашат.

Экинчи маанилүү багыт — окуу программаларын жаңылоо. Орточо эсеп менен ар бир үчүнчү иш берүүчү билим берүү мазмуну экономика менен технологиялардын талаптарынан артта калып жатканын белгилейт. Айрыкча бул заманбап жабдуулар менен иштөө жана ишканаларда буга чейин колдонулуп жаткан санариптик инструменттер боюнча көндүмдөргө тиешелүү.

Дагы бир маанилүү жагдай — бизнес менен билим берүү тармагынын өз ара аракеттенүүсү. Иш берүүчүлөр кадрларды даярдоо процессине катышууга даяр: мастер-класстарды өткөрүүгө, практикалык тажрыйба менен бөлүшүүгө, окутууга катышууга. Бирок алар бул процесстерди толугу менен өздөрү уюштурууга даяр эмес.

Ошол эле учурда, билим берүү тармагында көп талкууланган айрым көндүмдөр бизнес үчүн биринчи кезектеги мааниге ээ эмес. Изилдөөгө ылайык, маркетинг, каржы, сынчыл ой жүгүртүү жана санариптик платформалар менен иштөө сыяктуу багыттар негизги кесиптик жана практикалык көндүмдөрдөн маанилүүлүгү боюнча төмөн турат.

Демек, Кыргызстандагы иш берүүчүлөр биринчи кезекте иш процессине тез аралашып кете алган жана узак адаптацияны талап кылбаган кызматкерлерге муктаж.

Бул шартта Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Дүйнөлүк банктын колдоосу менен «Жаштар стажировкасы» программасын ишке ашырууда. Ал 16 жаштан 35 жашка чейинки кыргызстандыктарга алгачкы иш тажрыйбасын алууга мүмкүнчүлүк берет: катышуучулар кыска мөөнөттүү окуудан өтүшөт, стипендия алышат жана түздөн-түз ишканаларда стажировка өтүшөт.

Программа өлкөнүн 30 пилоттук шаар жана райондорунда иштеп жатат.
Стажёрлорду тартууну каалаган иш берүүчүлөр төмөнкү шилтеме аркылуу арыз бере алышат: https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSd8meHVll2Jdi-_mBFnD2d0yckOrnSzQCAHIsICZ1O8T8E_0Q/viewform?usp=header

Стажировкадан өтүп, алгачкы иш тажрыйбасын алууну каалаган жаштар бул жерден каттала алышат: https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSd1TDD4sw3fCfbQX2kUc8-O6VJwuJibJQgBDGL2mmMfribh0w/viewform?usp=header
 


Тектеш материалды окуу