Akchabarsearch
Макулатураны экспорттоого алты айга тыюу салуу сунушталууда

Жарыяланган

2026-02-06, 17:06

Макулатураны экспорттоого алты айга тыюу салуу сунушталууда

Кыргызстанда макулатураны чет жакка экспорттоого алты айга тыюу салуу сунушталууда. Өкмөттүн тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. 

Өкмөттүн маалыматы боюнча, мындай тыюу салуу тууралуу чечим өлкөдөгү даарат кагазын, коробка, кагаз баштык чыгарган компанияларды колдоо үчүн кабыл алынууда. 

Себеби чийки заттын жетишсиздиги алардын жабылышына алып келиши мүмкүн. Ал компаниялар жабылса, бюджет алардан түшкөн салык жана башка төлөмдөрдөн кур калат. Аны менен бирге аларда миңдеген жарандар иштейт. Алар жумушсуз калат. 

Мындан улам өкмөт макулатураны экспорттоого алты айга тыюу салганы жатат. 


Тектеш материалды окуу