
Жарыяланган
2026-02-06, 18:06Ош шаарында мыйзамсыз курулушка жол берилбейт. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Шаар бийлиги мыйзамсыз курулуштарды бузуу токтобогонун белгилеп, калаадагы ар бир объект тыкыр текшерилип, бузуу иштери тынымсыз жүрүп жатканн кабарлады.
“Азыркы тапта Авиценна көчөсү аркылуу Жекелик каналынын жээги бошотулууда.
Мындан тышкары “Кыял” азык-түлүк базары да жаңы базарга көчүрүлүп, орду тазаланууда. Бул иштерди аткаруунун башкы максаты – көчөлөрдү, эс алуу жайларын, каналдарды, башаламан соода менен базарды тартипке келтирүү”, - деп айтылат маалыматта.



