
Жарыяланган
2026-20-05, 16:05Кант шаарында опузалап акча талап кылган жеке жактоочу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан 19-майда коррупциялык схемаларды жоюу иштеринин, ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап талап кылуу" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында С.Р.Т. аттуу жактоочу кармалган.
Тактап айтканда, С.Р.Т. коркутуу жана шантаж жолу менен А.М.М. дан ага карата берилген доо арыздарды кайтарып алуу үчүн ири өлчөмдө акча опузалаганы аныкталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында кармалган С.Р.Т. УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда бул факт боюнча тергөө иштери улантылууда.

