Akchabarsearch
«Каракол» эл аралык аэропорту бүгүн ачылат
Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

Жарыяланган

2024-10-12, 10:48

«Каракол» эл аралык аэропорту бүгүн ачылат

"Каракол" эл аралык аэропорту бүгүн ачылат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чарага өлкө башчы катышат.

Эске салсак, Ысык-Көл облусундагы “Каракол” аба майданынын учуп-конуу тилкеси узартылып, жаңы аэробекеттик комплекс курулган.

Эл аралык аэропорт саатына 250 жүргүнчүнү кабыл алууга жөндөмдүү. Жалпы аянты сегиз миң чарчы метрди түзөт.


Тектеш материалды окуу