Akchabarsearch
«Кыргызстан аэропорттору» ААКнын кирешеси чыгашасынан дээрлик 3,3 миллиард сомго көп болот

Жарыяланган

2025-10-11, 11:39

«Кыргызстан аэропорттору» ААКнын кирешеси чыгашасынан дээрлик 3,3 миллиард сомго көп болот

«Кыргызстандын аэропорттору» ААКсынын акционерлеринин 31-октябрда өткөн кезексиз жалпы чогулушунда компаниянын ушул жылга жаңыланган бюджети бекитилди.

Акционерлердин чечими боюнча, ишкананын кирешесинин көлөмү 9 миллиард 966,8 миллион сом деп бекитилсе, ал эми чыгашалары 6 миллиард 675,8 миллион сомду түздү. Компаниянын таза бюджеттик профицити 3,29 миллиард сомдон ашат.

Жыйындын кворуму 90,27 пайызды түзүп, чечимдердин легитимдүүлүгүн камсыздаган.

Эске салсак, сентябрь айынын аягында компаниянын пайдасы 3 миллиард 622,8 миллион сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 10,7 пайызга жогору.

Компаниянын 83,0444 пайызы же 37,5 млн акциясы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке, 6,7462 пайызы же 3,05 млн акциясына Социалдык фондго, 6,5941 пайызы же  2527 жеке жактарга, дагы 3,6153 пайызы юридикалык жактарга таандык.


Тектеш материалды окуу