Akchabarsearch
Каракол шаарындагы облустук мектеп-интернаты 477 млн сомго толук жаңыланат

Жарыяланган

2026-21-05, 10:31

Каракол шаарындагы облустук мектеп-интернаты 477 млн сомго толук жаңыланат

Ысык-Көл облустук Т.Сатылганов атындагы кыздар жана балдар мектеп-интернаты толук капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө. Имаратты жаңылоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 477 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Учурда объектте демонтаж иштери аяктап, имараттын чатыры жабылып, ички шыбак иштери жүргүзүлүүдө.

Мектеп-интернаттын жалпы аянты 10 миң 650 чарчы метрди түзүп, үч корпустан турат. Имарат 1963-жылы 800 орунга ылайыкталып курулган. Андан бери объект толук капиталдык оңдоодон өткөн эмес.

Капиталдык оңдоонун алкагында мектептин ички жана сырткы архитектуралык көрүнүшү жаңыланып, инженердик тармактары толугу менен модернизацияланат. Ошондой эле окуу корпусундагы класстар, компьютердик кабинет, жыйындар залы заманбап талаптарга ылайык жасалат.

 


Тектеш материалды окуу