
Жарыяланган
2026-09-02, 17:03Каржы министрлиги 12-февралда бир жылдык казына облигацияларын жайгаштырып, 150 млн сом карыз алат. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында айтылат.
Буга чейин 5-февралда өткөрүлгөн облигацияларды жайгаштырып министрлик 150 млн сом тартууну пландаган. Бирок суроо-талаптын жогору болгонуна байланыштуу 164 млн 640 миң сом карыз алган.
Белгилей кетсек, 9-февралга карата Каржы министрлигинин бир жылдык мамлекеттик казына облигациялары боюнча жалпы карызы 3 млрд 189 млн 255 миң сомду түзөт.
Кошумчалай кетсек, 2025-жылдын 10-февралына карата 12 айлык казына облигациялары боюнча мамлекеттин 1 млрд 261 млн 483 миң сом карызы бар болчу. Бир жылда бул карыз 1 млрд 927 млн 772 миң сомго өстү.



