
Жарыяланган
2026-04-03, 18:00Каржы министрлиги 6-мартта эки жылдык мамлекеттик казына облигацияларын чыгарып, 550 млн сом карыз алат. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында айтылат.
Буга чейин, 16-январда облигация чыгаруу менен министрлик дээрлик 645 млн 716 миң сом карыз алган.
Белгилей кетсек, 2-мартка карата Каржы министрлигинин 2 жылдык мамлекеттик казына облигациялары боюнча 9 млрд 284 млн 785 миң сом карызы бар.



