
Жарыяланган
2026-08-09, 18:01Август айында Кыргыз фондулук биржасында соода кескин төмөндөдү. Бир айда жалпы соода көлөмү 127.4 млн сомду түздү. Бул июль айындагы 2.63 млрд сомго салыштырмалуу 20 эсеге аз. Натыйжада биржадагы жалпы жүгүртүү 95.2%га төмөндөдү.
Соода көлөмүнүн азайышы биржанын бардык негизги рынокторунда байкалды. Эң чоң төмөндөө биринчи рынокто болду. Анда баалуу кагаздарды жайгаштыруу көлөмү июлдагы 2.09 млрд сомдон августта 91.7 млн сомго чейин кыскарды. Башкача айтканда, соода дээрлик 23 эсеге азайды.
Экинчи рынокто да соода көлөмү 537.7 млн сомдон 35.7 млн сомго түштү. Бул 15 эседен ашык төмөндөө.
Мындан тышкары, листингдеги баалуу кагаздар менен болгон соода да кескин азайды. Июль айында алардын жүгүртүүсү 1.65 млрд сом болсо, августта болгону 49.7 млн сомду түздү. Бул 97%га аз.
Ал эми листингге кирбеген баалуу кагаздар боюнча соода 984.5 млн сомдон 77.7 млн сомго чейин төмөндөдү.
Ошол эле учурда биржада түзүлгөн келишимдердин саны дагы бир топ азайган. Июлда 119 келишим болсо, августта 82 келишим түзүлдү. Бирок алардын көлөмү кыйла азайган. Мисалы, бир келишимдин орточо көлөмү июлдагы 22.1 млн сомдон августта 1.6 млн сомго чейин түштү.
Ошондой эле баалуу кагаздардын саны да беш эседен ашык азайган. Июлда 8.7 млн даана баалуу кагаз боюнча келишимдер түзүлсө, августта бул көрсөткүч 1.7 млн даанага азайган.
Августтагы көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу дагы кыйла төмөн. 2025-жылдын августунда Кыргыз фондулук биржасындагы соода көлөмү 5.14 млрд сом болгон. Демек, бир жыл ичинде соода жүгүртүү 97.5%га же 40 эседен ашык азайган.



