
Жарыяланган
2026-13-08, 18:03Каржы министрлиги 14-августта беш жылдык мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштырып, ички инвесторлордон 1.7 млрд сом карыз алууну пландап жатат. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Каражат 6% үстөк пайыз менен алынат.
Купондук киреше облигациялардын мөөнөтү аяктаганга чейин жылына эки жолу — 17-февралда жана 17-августта төлөнүп турат. Чыгарылган баалуу кагаздардын төлөө мөөнөтү 2031-жылга белгиленген.
Белгилей кетсек, 12-августка карата Кыргызстандын беш жылдык казыналык баалуу кагаздар боюнча карызы 40.2 млрд сомду түзөт.



