Akchabarsearch
Каржы министрлиги эки жылдык облигациялар аркылуу 446.9 млн сом карыз алды

Жарыяланган

2026-12-08, 15:47

Каржы министрлиги эки жылдык облигациялар аркылуу 446.9 млн сом карыз алды

Каржы министрлиги 7-августта эки жылдык мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштырып, 446 млн 987 миң сом ички карыз тартты. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын маалыматында көрсөтүлгөн.

Министрлик аталган облигациялар аркылуу 600 млн сом тартууну пландаган. Бирок инвесторлордон түшкөн сунуштардын көлөмүнө байланыштуу пландалган каражат толук тартылган эмес.

Буга чейин, 17-июлда, министрлик мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу аркылуу 641 млн 158 миң сом карыз алган.

Белгилей кетсек, 10-августка карата эки жылдык мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча карыздын көлөмү 8 млрд 977 млн 662 миң сомду түзөт.


Тектеш материалды окуу