Akchabarsearch
Каржы министрлиги 800 млн сом ички карыз алууну пландоодо

Жарыяланган

2026-18-11, 16:27

Каржы министрлиги 800 млн сом ички карыз алууну пландоодо

Каржы министрлиги 20-ноябрда эки жылдык мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу аркылуу 800 млн сом ички карыз алууну пландоодо. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

Буга чейин министрлик эки баалуу кагаздар аркылуу 300 млн сом тартууну көздөгөн. Бирок инвесторлордун сунуштарынын жыйынтыгында болгону 14 млн сом тартылган.

Маалыматка ылайык, 16-ноябрга карата Кыргызстандын эки жылдык мамлекеттик казына облигациялары боюнча карызы 8 млрд 372.3 млн сомду түзгөн.


Тектеш материалды окуу