
Жарыяланган
2026-29-10, 10:04Каржы министрлиги 2026-жылдын ноябрь айында мамлекеттик облигацияларды чыгаруу аркылуу 1 млрд 100 млн сом карыз алууну пландоодо. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтын көрсөтүлгөн.
Маалыматка ылайык, 13-ноябрда 300 млн сомдук, ал эми 20-ноябрда 800 млн сомдук облигациялар аукционго коюлат. Мамлекет бул каражатты 2 жылга жылдык 5% үстөк менен карызга алат.
Октябрь айында да министрлик жалпы 1.2 млрд сомдук облигацияларды аукционго чыгарган. Бирок инвесторлордун суроо-талабына жараша 248 млн 545 миң сом гана тарта алган.
26-октябрга карата мамлекеттин эки жылдык казына облигациялары боюнча ички карызы 8 млрд 373.3 млн сомду түзөт.



