
Жарыяланган
2026-22-09, 13:38Кыргызстан америкалык Citibank банкы менен кызматташууну кеңейтет. 21-сентябрда Нью-Йорк шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен банктын башкаруучу директору Стефани фон Фридбургдун жолугушуусунун жыйынтыгында үч өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду. Алар Финансы министрлиги, «Элдик Банк» жана «АБанк» менен түзүлдү.
Жолугушууда эл аралык эсептешүүлөр, инвестициялык кызматташтык, кыргыз банктарынын эл аралык каржы инфраструктурасына жеткиликтүүлүгү жана жаңы корреспонденттик мамилелерди түзүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Ошондой эле Кыргызстанда Citibankтын филиалын ачуу мүмкүнчүлүгү каралды. Банктын өкүлдөрү мамлекеттик банктар менен корреспонденттик мамилелерди түзүүгө жана Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлорго катышууга кызыкдар экенин билдиришти.
2026-жылдын апрель айында «Элдик Банк» Citigroup компаниясынын катышуусунда 500 млн долларлык алгачкы еврооблигацияларын жайгаштырган. Citigroup бул келишимде негизги уюштуруучулардын жана букраннерлердин бири болгон.

