
Жарыяланган
2026-06-11, 15:53Кыргызстанда банктардын жалпы насыя портфели 2030-жылга чейин 1 трлн 515 млрд сомго жетиши мүмкүн. Мындай болжолдуу эсептөөлөрдү «О!Банк» ААКсынын директорлор кеңешинин төрагасы Алмас Чукин 6-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан FinConference 2026 конференциясында көрсөттү.
Анын маалыматына ылайык, 2025-жылдын аягында Кыргызстандагы банктардын жалпы насыя портфели 507 млрд сомду түзгөн.
Эгер насыялоо тез темп менен өнүксө, бул сумма 2026-жылы 651 млрд сомго, 2027-жылы 820 млрд сомго, 2028-жылы 1 трлн 13 млрд сомго, 2029-жылы 1 трлн 243 млрд сомго жана 2030-жылы 1 трлн 515 млрд сомго жетиши мүмкүн.
Ошондой эле 2025-жылдын аягында Кыргызстанда банктар берген насыялардын көлөмү ички дүң продукциянын (ИДП) 25.7%ын түзгөн. Ал эми 2030-жылга чейин бул көрсөткүч 40.7%га жетиши мүмкүн.
Салыштыруу үчүн, 2025-жылдын аягында Казакстанда насыялардын ИДПга карата үлүшү 25.2%, Өзбекстанда 32.7%, Россияда 63.4%, Арменияда 68% болгон.


