
Жарыяланган
2025-29-08, 10:43Быйыл жарым жылды кумар оюндарынан бюджетке 261.9 млн сом түшкөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 136.9 млн сомго, дээрлик эки эсе көбөйгөн. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалыматында айтылат.
Өсүштүн басымдуу бөлүгү казино ишмердүүлүгүнө салынган салык– 252.6 млн сомду түзгөн. (2024-жылы – 129.1 млн сом). Ошондой эле, оюн автоматтарынан түшкөн киреше 800 миң сомдон 3.8 млн сомго чейин өскөн.
Ал эми, букмекердик конторалар менен тотализаторлордон түшкөн киреше 7 млн сомдон 4.5 млн сомго чейин төмөндөгөн.
Онлайн жана виртуалдык казинолордон түшкөн салыктар 986.7 миң сомго чейин көбөйгөнү менен, дагы эле эң аз киреше алып келүүчү тармак бойдон калууда.


