Akchabarsearch
«Келечек» ипотекалык программасы аркылуу бир айда 26 үй-бүлө өз турак жайына ээ болду

Жарыяланган

2025-18-12, 14:25

«Келечек» ипотекалык программасы аркылуу бир айда 26 үй-бүлө өз турак жайына ээ болду

Бир айдын ичинде 26 үй-бүлө «Келечек» ипотекалык программасынын жардамы менен өз үйүнө ээ болду. Бул тууралуу Кепилдик фонду билдирди.

Быйыл, 17-декабрга карата бул ишке киргенден бери 78 жаранга жалпы суммасы 94 млн сомдон ашкан кепилдик берилди. Анын аркасында жарандар 379 млн сомдон ашык ипотекалык кредит ала алышты.

Ипотекалык кепилдикти төмөнкү 6 банк аркылуу алууга болот: «Айыл Банк» ААК, «Элдик Банк» ААК, «МБанк» ААК, «Дос-Кредобанк» ААК, «Коммерциялык банк КСБ» ЖАК жана «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАК.

Негизги шарттары:

– иш стажы же ишкердик тажрыйба — кеминде 12 ай;
– ипотеканын суммасы — 10 миллион сомго чейин;
– кепилдик — турак жайдын баасынын 30 пайызга чейин;
– комиссия — кепилдик суммасынан 2%.

Белгилей кетсек, аталган программа быйыл май айында алгачкы төлөмдү төлөй албай жаткан жарандарды колдоо үчүн ишке киргизилген.

 


Тектеш материалды окуу