
Жарыяланган
2026-12-01, 11:56Бүгүн, 12-январда Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы “Мурас” турак жай комплексинин курулушунун экинчи этабынын алкагында ипотекалык үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда ал ипотекалык батирлер өлкөдөгү инфляция деңгээлинен да төмөн болуп жатканын айтты.
“Компания батирлерди турак жай программасынын кезегинде турган жарандарга алдын ала төлөмү жок 25 жылга 4 жана 8 пайыз менен берип жатканын жакшы билесиздер. Бул керек болсо өлкөдөгү инфляция денгээлинен да төмөн.
Ушул жерден бир нерсени баса белгилеп айта кетейин. Мисалы, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда чарчы метрин 700 доллардан “под ключ” бересиңер деп биз жеке компанияларга тапшырма берип, салдырып, анан алар 700 доллардан бир доллар ашырбай, Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп берет”, - дейт мамлекет башчы.
Садыр Жапаров үйлөрдү 700 доллардан алып, Мамлекеттик ипотекалык компания үстүнө 250 доллардан кошуп, 950 доллардан берип жатканын белгиледи.
“Мамлекеттик ипотекалык компания батирлерди 25 жылга берип жаткандан кийин, бул 250 доллар ошол 25 жыл ичиндеги инфляцияны жаппайт. Керек болсо 50 пайызын дагы жаппайт.
Биз ошого карабастан, элге жеңилдик болсун деп берип жатабыз. Эгерде жеке жактардан алсаңар, жок дегенде 1500 доллардан алат элеңер.
Кудай буюрса, алдыда ипотекалык компания өз алдынча каржылоого өтүп, өлкөнүн турак жай фондун дагы кеңейтүүнү максат кылууда. Буга чейин биз Мамлекеттик ипотекалык компанияга каражаттарды мамлекеттик бюджеттен бөлүп берип келе жатабыз”, - деди ал.

