
Жарыяланган
2026-24-08, 12:01«Кепилдик фонддун» «Унаа» продуктусу аркылуу 2026-жылдын башынан бери 198 жаран автоунааны баштапкы төлөмсүз кредитке алган. Бул тууралуу фонд билдирди.
Жыл башынан бери фонд 81,1 млн сомдук кепилдик берген. Анын негизинде жарандар автоунаа сатып алууга жалпы 386.8 млн сомдук автокредит алышкан.
Ал эми «Унаа» продуктусу ишке киргенден бери 352 кепилдик берилип, алардын жалпы суммасы 138,3 млн сомду түзгөн. Бул кепилдиктер аркылуу 648.7 млн сомдук автокредит тартылган.
Продукт баштапкы төлөмгө каражаты жетишсиз жарандарга автоунаа сатып алууга мүмкүнчүлүк берет. Мында зарыл болгон камсыздоону «Кепилдик фонд» кепилдик түрүндө берет.

