Akchabarsearch
“Кепилдик фонду” берген кепилдиктердин 40%ы аял ишкерлерге берилди

Жарыяланган

2026-06-02, 15:56

“Кепилдик фонду” берген кепилдиктердин 40%ы аял ишкерлерге берилди

2025-жылы “Кепилдик фонду” берген жалпы кепилдиктердин 40%ы аял ишкерлерге берилди. Бул тууралуу аталган фонд билдирди.

Жыл ичинде 658 кепилдик берилип алардын жалпы суммасы 586.2 млн сомдон ашкан. Бул колдоонун негизинде аял ишкерлер 2.5 млрд сомдон ашык насыя алышкан.

Кепилдик колдоонун жардамы менен ишкер айымдар өз бизнесин кеңейтип, жаңы өндүрүштөрдү ачып, ар түрдүү кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрө алышты. 

Алар негизинен айыл чарба, соода, кызмат көрсөтүү жана башка тармактарда иштеп, өлкөнүн бардык аймактарында активдүү эмгектенип келишет.
 


Тектеш материалды окуу