Жарыяланган
2025-27-08, 17:47Кепилдик фонду “Унаа” программасы боюнча алгачкы кепилдиктерди берди. Бул тууралуу аталган фонд билдирди.
Эскерте кетсек, быйыл август айынын ортосунда Кепилдик фонду жаңы “Унаа” программасын ишке киргизген. Бул программа аркылуу жарандар автоунааны алгачкы төлөмсүз сатып ала алышат.
27-августка карата фонд “Унаа” программасы боюнча 2.3 млн сомдон ашык каражатка 7 кепилдик берди. Бул жарандарга жалпы 11.8 млн сомдон ашык насыя алууга мүмкүнчүлүк түзгөн.
Кепилдик жеке адамдарга, анын ичинде жеке ишкерлерге, ошондой эле коммерциялык иш жүргүзгөн компанияларга да жеткиликтүү. Кепилдик фонд каржылоо суммасынан 30%га чейин катыша алат.