Akchabarsearch
Кылычбек Cултан Пакистандагы элчи кызматынан бошотулду

Жарыяланган

2026-28-04, 10:47

Кылычбек Cултан Пакистандагы элчи кызматынан бошотулду

Кылычбек Cултан Кыргызстандын Пакистандагы элчиси кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. 

Президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдиргендей, Кылычбек Cултан өзү берген арызына ылайык кызматынан алынган. 

Эскерте кетсек, Кылычбек Cултан 2025-жылы июлда Кыргызстандын Пакистандагы элчиси болуп дайындалган. 

Ал 2014-2016-жылдары Кыргызстандын Малайзиядагы, 2017-2018-жылдары Түштүк Кореядагы элчи болуп иштеген. 


Тектеш материалды окуу