Akchabarsearch
Кыргызстанда чакан жана орто бизнестин ИДПдагы үлүшү 51%га жетти

Жарыяланган

2026-28-04, 12:39

Кыргызстанда чакан жана орто бизнестин ИДПдагы үлүшү 51%га жетти

Кыргызстанда чакан жана орто бизнестин экономикадагы үлүшү акыркы үч жылда 40%дан 51%га чейин өстү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ишкерликти өнүктүрүү жана колдоо маселелери боюнча жыйында билдирди.

“Бул туруктуу экономикалык өсүштүн маанилүү көрсөткүчү. Өнүктүрүү фонддору айыл жериндеги долбоорлорго өзгөчө көңүл бурушу керек. Долбоорлорду ишке ашырууну каалаган демилгелүү жарандарга тиешелүү колдоо көрсөтүү зарыл", - деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө 2030-жылга чейин чакан жана орто бизнести колдоо жана өнүктүрүү программасынын долбоору сунушталып, “Пайыздык ченди субсидиялоо аркылуу ишкердик субъекттерди жеңилдетилген насыялоо” долбоорунун жүрүшү жана чакан жана орто бизнести колдоо боюнча аткарылып жаткан чаралар талкууланды.

Ошондой эле, 2030-жылга чейин чакан жана орто бизнести колдоо жана өнүктүрүү программасын тез арада бекитүү тапшырмасы берилди. 

Программа жеңилдетилген кредиттик продуктуларды жана кепилдик механизмдерин киргизүү аркылуу ишкерлердин каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган. Мындан тышкары, ишкерлерди окутуу, долбоорлорду өнүктүрүү жана колдоо системасын күчөтүү чаралары да камтылган.

 


Тектеш материалды окуу