Akchabarsearch
Кыргызстанда орточо айлык акы 37 миң 361 сомду түздү
Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

Жарыяланган

2025-10-02, 15:08

Кыргызстанда орточо айлык акы 37 миң 361 сомду түздү

Кыргызстанда бир кызматкердин орточо айлык акысы 37 миң 361 сом деп эсептелди. Өткөн жылдын маалыматын Улуттук статистика комитети бөлүштү.

Сумма 2023-жылга салыштырмалуу 12,7% жогору. Былтыр өлкөнүн ички дүң өнүмү 1,5 триллион сомдон ашып, 9% өскөнү кабарланган.

Быйылкы жылы республикалык бюджеттин кирешеси 430 миллиард 244,6 млн сом, чыгашасы 405 миллиард 946,7 миллион сом болот. 


Тектеш материалды окуу