
Жарыяланган
2025-15-10, 15:31Быйыл тогуз айдын жыйынтыгында, ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 1 трлн 240.5 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Бул 2024-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 10%га өскөн.
ИДПнын өсүшү негизинен өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн жогорулашы менен байланыштуу. Айрыкча дары-дармек өндүрүшү 2.3 эсеге көбөйгөн. Ошондой эле тамак-аш, суусундук жана тамеки өндүрүшү 40.1%га өскөн. Мындан тышкары резина жана пластмасса буюмдары, курулуш материалдары 31.8%га, жыгач жана кагаз буюмдары менен басмакана өндүрүшү 28.7%га, химиялык заттар 17.7%га, кийим тигүү жана кездеме өндүрүшү 8.5%га, ал эми кен казып алуу иштери 16.3%га көбөйгөн.
Курулуш тармагында өсүш 29,6%га жогорулаган. Чекене жана дүң соода 10.9%га, айыл чарба тармагы болсо 0.9%га өскөн.
Бирок ошол эле учурда былтыркы жылдын декабрынан бери жалпы республика боюнча керектөө баалары жана тарифтер 5.5%га кымбаттаган. Анын ичинде азык-түлүк жана алкоголсуз ичимдиктер 6.4%га, алкоголдук ичимдиктер менен тамеки 5.1%га, азык-түлүк эмес товарлар 3.3%га, ал эми кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы 6.3%га өскөн.


