
Жарыяланган
2026-17-03, 10:35“Кырчын” турбазасы мамлекете кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Кырчын” турбазасынын мүлктүк комплекси 1997-жылы жеке жана юридикалык жактарга мыйзам талаптарын одоно түрдө бузуу менен берилип кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы баасы 501 млн сомду түзгөн “Кырчын” турбазасынын мүлктүк комплекси жана ага тийиштүү болгон аянты 11 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.



