
Жарыяланган
2026-06-02, 16:12Жалал-Абадда мыйзамсыз менчиктештирилген 10 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1999-жылы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын жооптуу кызмат адамдары тарабынан эт-сүт багытындагы “А” фермердик чарбасына мамлекеттик жер фондусуна таандык жер тилкесин жеке менчикке берүү жөнүндө мыйзам талаптарына каршы келген буйрук кабыл алынган.
Натыйжада жыйынтыгында мыйзам бузуулар толугу менен жоюлуп, базар баасы 17 млн 831 миң 942 сомду түзгөн, жалпы аянты 10 гектар болгон жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.



