Akchabarsearch
Жалал-Абадда 11,1 млн сомго бааланган социалдык объект мамлекетке кайтарылды

Жарыяланган

2025-05-12, 15:07

Жалал-Абадда 11,1 млн сомго бааланган социалдык объект мамлекетке кайтарылды

Жалал-Абадда 11,1 млн сомго бааланган социалдык объект мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө Сузак районуна караштуу Жийде айылындагы мурдагы профилакторияга тиешелүү болгон имарат мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган. Анын жер тилекеси 1 140 чарчы метрди түзөт.

Натыйжада жер тилке жана имарат мамлекеттик менчикке кайтарылды.


Тектеш материалды окуу