
Жарыяланган
2025-09-12, 09:30Мыйзамсыз менчиктештирилген стоматологиялык поликлиниканын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында Манас шаарынын борборунда жайгашкан "Жалалабадстоматология" стоматологиялык поликлиникасынын 992 чарчы метр имараты жана 2595 чарчы метр жер тилкеси 2000-жылдары жеке менчикке мыйзамсыз сатылып кеткендиги аныкталган.
Имарат менен жер тилкенин базар баасы 113 млн 872 миң сомду түзөт.


