Akchabarsearch

Жарыяланган

2024-21-10, 11:12

Кара-Суу темир жол бекетинин 242 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке өттү

“Кыргыз темир жолу” ишканасынын Кара-Суу бекетиндеги 242 млн 50 миң сомго бааланган жер тилке мамлекеттик менчикке өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Жүргүзүлгөн текшерүүдө “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын Түштүк бөлүмүнө караштуу Кара-Суу бекетинин имараттары жайгашкан жана ага тийиштүү жалпы 10  миң 443,5 м2 түзгөн жер тилкелерине бүгүнкү күнгө чейин укук аныктоочу жана укук тастыктоочу документтери жок, мамлекеттик менчикке алынбай келгендиги аныкталган.

Аталган мыйзам бузууларга карата “Кыргыз темир жолу” МИ Түштүк бөлүмүнүн башчысынын наамына ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндө прокурордук акт келтирилип, аны кароонун жыйынтыгында 242 млн 50 миң сомго бааланган, жалпы аянты 10 443,5 м2 түзгөн жер тилке мамлекеттин менчигине каттоого алынды.


Тектеш материалды окуу