Akchabarsearch
    “Кыргыз Агрохолдинг” менен Венгриянын “Умвелт Групп” компаниясы 100 млн долларлык келишимге кол койду

    Жарыяланган

    2025-26-06, 18:06

    “Кыргыз Агрохолдинг” менен Венгриянын “Умвелт Групп” компаниясы 100 млн долларлык келишимге кол койду

    Бүгүн, 26-июнда Ысык-Көлдө өтүп жаткан IV Түрк бизнес-агрофорумунун  алкагында “Кыргыз Агрохолдинг” менен Венгриянын “Умвелт Групп” компаниясы 5 жылдык инвестициялык кызматташуу тууралуу алкактык келишимге кол койду. Келишимдин жалпы суммасы 100 млн долларды түздү.

    Бул келишим менен Кыргызстандын айыл чарба өнөр жай комплексинде биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу максат кылынууда. Анын ичинде — канаттууларды өстүрүү тармагын модернизациялоо, асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү жана заманбап агротехнологияларды киргизүү иштери каралган. 

    Форумдун алкагында “Умвелт Групп” компаниясынын өкүлдөрү Чүйдүн Ысык-Ата районундагы канаттуулар фабрикасын жана Аламүдүн районундагы “Элита” асыл тукум чарбасын жеринде көрүп, өлкөнүн айыл чарба инфраструктурасы менен таанышты.


    Тектеш материалды окуу