Akchabarsearch
    Кыргыз-Россия Славян университети үчүн жаңы кампус салынат — Ташиев

    Жарыяланган

    2025-26-06, 16:43

    Кыргыз-Россия Славян университети үчүн жаңы кампус салынат — Ташиев

    Кыргызстанда Кыргыз-Россия Славян университети үчүн жаңы кампус салынат. Бул тууралуу аталган окуу жайдын камкорчулар кеңешинин төрагасы болуп шайланган УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. 

    "Бүгүн биз КРСУнун камкорчулар кеңешин түзүү тууралуу чечим кабыл алдык. Бул университет Кыргызстандагы окуу жайдын флагманы болуп саналат. Биз университетти Бишкекте гана эмес, аймактарда да жайылтууну каалайбыз", - дейт ал.

    Бүгүнкү камкорчулар кеңешинин жыйынында университеттин жаңы кампустарын куруу, окуу жайды колдоо жана өнүктүрүү үчүн фонд түзүү маселеси талкууланды. 


    Тектеш материалды окуу