Akchabarsearch
Кыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра» бекетинин иш тартиби өзгөрдү
Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

Жарыяланган

2024-19-11, 16:02

Кыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра» бекетинин иш тартиби өзгөрдү

Кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" бекетинин иш тартиби өзгөрдү. 

Тиешелүү макулдашууга өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, аталган бекет эми күнү-түнү иштейт.

Иштөө режимине өзгөртүү киргизүү кыргыз-казак чек арасынан өтүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү жана Ысык-Көл облусунда кышкы туризмди өнүктүрүү, ошону менен бирге ички жана чет элдик туристтердин агымын көбөйтүү, инфратүзүмдү жакшыртуу зарылчылыгы менен шартталган.

 


Тектеш материалды окуу