Akchabarsearch
Кыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра» бекетинин иш тартиби өзгөрөт
Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

Жарыяланган

2024-23-10, 13:35

Кыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра» бекетинин иш тартиби өзгөрөт

Ысык-Көл облусундагы “Каркыра-унаа жолу” өткөрүү түйүнү күнү-түнү иштейт. Жогорку Кеңеш депутаттары тиешелүү мыйзам долбоорду үчүнчү окууда жактырышты.

Пункттун иш тартибин өзгөртүү кыргыз-казак чек арасы аркылуу өтүү шарттарын жеңилдетүүгө шарт түзөт. Андан тышкары, Ысык-Көлдөгү туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө болот деп күтүлүүдө.

Эске салсак, буга чейин “Каркыра” өткөрүү түйүнү күндүз гана иштеп келген.


Тектеш материалды окуу