Akchabarsearch
Кыргыз-өзбек чек арасында жаңы «Кең-Сай» бажы-логистикалык терминалы ачылды

Жарыяланган

2026-20-11, 12:42

Кыргыз-өзбек чек арасында жаңы «Кең-Сай» бажы-логистикалык терминалы ачылды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Достук айылында электрондук кезек системасы менен жабдылган заманбап «Кен-Сай» бажы-логистикалык терминалы ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Жалпы аянты 8 гектар ээлеген терминал бир эле учурда 420 жүк ташуучу унааны жайгаштырууга ылайыкталган: анын 220сы импорттук, 200ү экспорттук багыттагы унаалар үчүн каралган.

Комплекстин аймагында унааларды таразага тарта турган аянтча, жүктөрдү кайра жүктөө зонасы, бажы көзөмөлүн жүргүзүүчү жайлар жана бажы брокерлери үчүн бөлмөлөр каралган.

«Кен-Сай» электрондук кезек системасы жүк ташуучу унаалардын кыймылын тартипке келтирүүгө, өткөрүү пунктуна баруучу жолдордо унаалардын тыгынын азайтууга жана ташуучулар үчүн шарттарды жакшыртууга мүмкүндүк берет.


Тектеш материалды окуу