
Жарыяланган
2026-20-11, 10:52Кыргызстан Түркмөнстандан минералдык жер семирткичтерди сатып алууга кызыктар. Бул тууралуу айыл чарба министри Эрлист Акунбеков менен Түркмөнстандын айыл чарба министри Чарыяр Четиевдин Ашхабадда болгон жолугушуусунда айтылды.
Жолугушууда айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты арттыруу маселеси каралган.
Анын ичинде өсүмдүк өстүрүү, маселен түркмөн тажрыйбасын колдонуу менен кургакчылыкка чыдамдуу жүзүмдүн түрлөрүн өстүрүү, күнөскана чарбаларын уюштуруу, мөмө-жемиш жана жашылча өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча биргелешип изилдөө жүргүзүү маселелери сүйлөшүлгөн.
Ошондой эле, органикалык айыл чарбада — органикалык өндүрүштү өнүктүрүү, органикалык продукцияны сертификациялоо жана экспорттоо, аларды кайра иштетүү, сактоо жана таңгактоо технологияларын жакшыртуу багытында кызматташуу каралган.
Жолугушууда кыргыз тарап Түркмөнстандан аларда чыккан минералдык жер семирткичтерди сатып алууга кызыктар экени айтылган.



