
Жарыяланган
2026-24-08, 16:14"Кыргызалтын" 2026-жылдын алгачкы алты айында 33 млрд сом таза киреше тапты. Бул тууралуу аталган компания билдирди.
Маалыматка ылайык, бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп. Компания алты айда эле 2025-жылдагы жылдык таза кирешесинен 14.3 млрд сомго көп киреше тапкан.
Өткөн жылы "Кыргызалтындын" таза кирешеси 18.7 млрд сомду түзгөн.
Компания алдыдагы үч жылда жалпы наркы 1 млрд доллардан ашкан бир катар ири долбоорлорду ишке ашырууну пландап жатат.
Алардын катарында Үңкүр-Таш, Тоголок, Чакуш, Талды-Булак жана Андаш кендерин өздөштүрүү долбоорлору бар.

