
Жарыяланган
2026-29-07, 10:11Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматында (Кыргызгидромет) коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Аскер прокуратурасы аныктагандай, Кыргызгидрометтин жооптуу кызмат адамдары көп убакыттан бери мурда иштен бошотулган кызматкерлерге, ошондой эле айрым иштеп жаткан кызматкерлерге мыйзамда каралгандан кыйла ашыкча акчаны мыйзамсыз которуп келишкен.
“Аталган кылмыштуу схема кылдат жашырылып, анын натыйжасында анын
катышуучулары узак убакыт бою бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз
пайдаланып келишкен. Мунун кесепетинен мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири
өлчөмдө — 16 млн сом материалдык зыян келтирилген”, - деп айтылат маалыматта.
Аталган факт боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.



